Нарын облусунда окуучулар үчүн диний окуу жайдын курулуш иштери жүрүүдө
Нарын облусунда окуучуларга ылайыкталган диний окуу жайдын курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган окуу жай Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраевдин демилгеси менен борбордук “Азрети Али” мечитинин аймагында курулууда.
Аталган имарат 70 окуучуга ылайыкталып, анын ичинде окуу бөлмөлөрү, жыйындар залы, мүдүр бөлмөсү, окутуучулар бөлмөсү орун алса, жер төлөсүндө жатакана, ашкана, китепкана жана даараткана бөлмөлөрү орун алат. Имарат толук кандуу 5-6 айдын ичинде бүткөрүлүп, эл кызматына жана дин кызматкерлерине колдонууга берилмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.