super.kg logo

Ысык-Көл облусунда Балдарды коргоо күнү бардык район, шаарларда салтанаттуу иш-чаралар менен коштолду

 
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы салтанаттуу майрамдык иш-чара аталган райондун Саруу айылындагы бала бакчанын ачылышы менен коштолду. Бул тууралуу 2-июнда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.
20 жылга жакын убакыттан бери иштебей турган бала бакча 5 миллион 838 миң сомго теңдөөчү гранттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, облус тарабынан 436 миң сомго эмеректер менен жабдылды. 
Ал эми 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүндө аталган бакчанын ачылышы болду. “Нур” бала бакчасына учурда 120 баланы кабыл алышкан. Бул салтанаттуу иш-чараларга өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, өкүлдүн аппарат жетекчиси Уланбек Маликов, райондун акими Калысбек Жүдеев, Саруу айылынын калкы жана жаш жеткинчектер катышышты.

Эмилбек Каптагаев Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен келечек жаш муундарды куттуктап, балдарыбыздын келечеги кең болуусун жана эч качан биздин ата-бабаларыбыз көргөн кыйынчылык, оор күндөрдү көрбөшүн каалап, балдардын бакубат келечегине кам көрүү жалпыбыздын милдетибиз экенин белгиледи.

Ошондой эле Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылындагы “Келечек” балдар үйүндө болуп, анда тарбияланган балдарды майрамы менен куттуктап, облустун атынан 20 миң сом акча каражатын тапшырды. Балдар үйүнүн тарбиялануучулары ыйгарым укуктуу өкүлгө ыраазычылыктарын билдиришип, чакан концерттик программаларын тартуу кылышты. Кызыл-Суу айылындагы Маданият үйүндө уюштурулган майрамдык салтанатта балдардын сармердени өткөзүлдү. Ал көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, таланттарына ыраазы болушту. 

Айта кетсек, облустун район, шаарларында балдардын асфальтка сүрөт тартуу сынактары уюштурулуп, бекер балмуздактар таратылып, зоопарк, аттракциондор балдар үчүн акысыз кызмат көрсөтүштү. Кошумча маалымат: облус боюнча 96 бала бакча бар, анын 58и - муниципалдык, 7 бала бакча - менчик, 29у - жамааттык. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: