super.kg logo

Орусияда Ми-8 тик учагы кыйроого учурап, 12 адамдын сөөгү табылды 

 

Орусиянын Мурманск облусунда Ми-8 тик учагы кыйроого учурап, окуя болгон жерде жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында 12 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар 2-июнь күнү жазып чыгышты. 

Белгилүү болгондой, Мунозеро көлүндө жүргүзүлгөн издөө иштерине 10 суучул катышып жатат. Вертолётто жалпысынан 18 адам болсо, кырсыктан кийин 2 адам ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары 4 адам дайынсыз болууда. 

Укук коргоо органдары каза болгондордун өздүгү такталгандыгы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, кырсыкта көз жумгандар «Апатит» ААКынын башкы директору Алексей Григорьев менен орун басары Константин Никитин, Кировск шаардык администрациясынын башчысы Андрей Звонарь, экипаждын командири Товпенко, Валентин Бабкин, Мурманск облусундагы экология жана жаратылыш ресурстары боюнча министр Алексей Смирнов жана орун басары Александр Алхимчиков, Мурманск облусунун губернаторунун орун басары Сергей Скоморохов, Түндүк-Батыш аймагы боюнча токой чарба департаментинин башчысы Олег Вереникин экени белгилүү болгон.

Мурманск облусунда авиакырсыкта каза болгондорго аза күтүү жарыяланды. 1-июнь күнү болгон кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: