super.kg logo

Орусияда "кыргызстандык жаранды темир союл менен 14 жолу чаап өлтүргөн" деп шектелген тажикстандык жарандын иши прокуратурага жөнөтүлдү

 

"Кыргызстандык жаранды темир союл менен 14 жолу чаап өлтүргөн" деп шектелген тажикстандык жаранга карата козголгон кылмыш иши аяктады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар бүгүн, 2-июнда жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 2013-жылдын декабрь айында Москва шаарынын Блюхер көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 47 жаштагы кыргызстандык жаран менен 24 жаштагы тажикстандык жаран уруша кетишкен. Жыйынтыгында тажикстандык жаран кыргызстандык жаранды 14 жолу темир союл менен башка чаап сабаган. 47 жаштагы кыргызстандык жаран окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми анын өлүмүнө шектүү жаран жабырлануучунун үйүнөн 16 миң рублга бааланган буюмдарын уурдап кеткени айтылган.

Кийин тажикстандык жаран полиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда ага карата козголгон кылмыш иши аяктап, иштин сотто каралышы үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилгендиги белгилүү болду. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.06.2014. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде болгондо кылмышкерди таба албай журо беришмек,колун менен кыоганды моюнун менен тарт дегендей эми жазасын темир тор артында откорсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: