super.kg logo

Кыргызстанда 2014-жылы эл аралык бала асыроочу мекемелердин каттоосунан сегиз мекеме өтүп, дагы үчөө кароодо турат

 

Кыргызстанда 2014-жылы "Эл аралык баланы асыроо" программасынын алкагында бала багып алууну каалаган 17 мекеме арызын тапшырды. Анын ичинен сегизи каттоодон өтүп, алтоонон баш тартылып, ал эми 3 мекеменин арызы кароодо. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Министрдин айтымына караганда, аталган долбоорго катышууну каалаган мекемелердин тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес болушу зарыл. “Бала асыроодо артыкчылык кыргызстандык каалоочуларга берилмекчи. Тилекке каршы, жергиликтүү калк бир гана дени сак балдарды алгысы келишет. Ал эми кыргызстандык балдарды асырап алуучу чет элдиктер аларды бир гана үй-бүлө менен эмес, аларга керектелүүчү кымбат операцияларды да жасатууда”,- дейт К.Базарбаев.

Маалыматка ылайык, былтыр чет элдик үй-бүлө багып алган кыргызстандык балага оор жана кымбат операция жасалган. Ага баланын жаңы үй-бүлөсү 56 миң доллар сарптаган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: