super.kg logo

Интернетте Алайдагы митингчилердин "Кара жоргону" бийлегени кызуу талкууга алынды 

 

Алайда жол бууп турган митингчилердин "Кара жорго" бийи интернетке жүктөлүп, бүгүн, 2-июнда коомчулукта кызуу талкууга алынды. Камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтарынын бийлеп жүргөнү коомчулукту нааразы кылды өңдөнөт, эл арасында түрдүү пикирлер жаралууда.

Ал учурда Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турган Ахматбек Келдибековдун тарапташтары талаптарын өзгөртүп, депутатты үй камагына чыгарууну эмес, аны толук бойдон абактан бошотууну талап кылышууда.

Жол буулгандан бери жүк ташуулар төмөндөп, баалар жогорулоодо. Ошондой эле жол тосуунун кесепетинен салык чогултуу азайган. “Кара-Суу”, “Баткен”, “Халмион” базарларындагы ишкерлерден, жергиликтүү тургундардан жолду ачып берүү боюнча арыздар түшүүдө. Сырттан ташылып келген товарлардын баалары кымбаттай баштаганы байкалууда. 

30-майда ички иштер министри Абдулда Суранчиев “Ата Журт” фракциясынын жыйынында "жол тосуудан келтирилген чыгым 12-20 миллион сомго чейин жетти" деп билдирген.

Бүгүн жол тоскондор боюнча 3 кылмыш иши козголгону жана алардын “өзүм билемдик”, “зөөкүрлүк” жана “бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча ачылганы маалым болду. 

Эске салсак, 27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшуп, Сопу-Коргон айылында Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп алышкан.  






Алайдагы митингчилердин "Кара жорго" бийи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(80)
Медиа-портал
02.06.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bular kelesoo bolup kalywkanby?
Медиа-портал
02.06.2014. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыздар качан онолот иии
Медиа-портал
02.06.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоо жыргал. Кунуго беркер тамак, бекер акча. Анан 100 гр тырп этме менен ушубой бийлеп туралы дешкен го)
Медиа-портал
02.06.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
тобоо канчадагы кемпирлер буларда акыл дегенден эч нерсе жокко
Медиа-портал
02.06.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уууууужааас соз жок
Медиа-портал
11.06.2014. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Murok, Эми коруп жатасынбы мындай митингди? Мындай майда-чуйдо митингдер болуп эле келе жатат кун алыс Кыргызстанда.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: