Ак-Талаа районунда бүгүнкү күнгө чейин 4,5 миң гектардан ашуун жер аянтында айдоо иштери жүргүзүлдү
Нарын облусунун Ак-Талаа району боюнча бүгүнкү күндө
жалпы 4573 гектар жер аянтында айдоо иштери бүттү. Бул тууралуу жергиликтүү
өкүлчүлүктөн билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, быйыл аталган райондо жазгы айдап-себүү боюнча жалпы 4573 гектар аянт жер айдалып, анын 790 гектарына тоют өсүмдүктөрү себилди.
“Былтыркы жылдын эсеби менен алганда 10 339 гектар жерде көп жылдык тоют өсүмдүктөрү бар жана азыркы тапта тоют өсүмдүктөрүн сугаруу иштери уланууда”,- дейт Райондук айыл чарба департаментинин жетекчиси Нарынбек Керимкулов.
Ошондой эле 3081 гектар буудай, 1020 гектар арпа айдалып, жалпысынан 4101 гектар аянтка дан эгиндери эгилди. Ал эми 358 гектар жерге картошка, 114 гектар аянтка жашылча-жемиштер айдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.