super.kg logo

“Кыз зордуктоого аракет кылды” деп айыпталып жаткан “Манас” авиациялык базасынын кызматкери 4 жылга эркинен ажыратылды

 

Свердлов райондук соту “кыз зордуктоого аракет кылды” деп айыпталып жаткан “Манас” авиациялык базасынын кызматкерин 4 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан бүгүн, 2-июнда кабарлашты.

Эске салсак, 8-март күнү Кыргызстандагы АКШнын “Манас” авиациялык базасынын кызматкери Макрэй Брендэн Корнелиус мас абалында Б.Жамыйла аттуу бийкечти зордуктоого аракет кылып, камакка алынган.

Маалым болгондой, америкалык жаран Шопоков-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде аталган айымга тийишип, зордуктоого аракет кылган. Андан соң ал жыныстык кызмат үчүн селкиге акча каражатын сунуштаган. Б.Жамыйла макул болбой, такси кармап, качууга аракет кылганда Брендэн Корнелиус ошол таксиге отура калган. Бийкеч айдоочудан милицияга алып барууну суранган. Такси кызматынын айдоочусу аларды Свердлов РИИБинин №10-шаардык милиция бөлүмүнө алып келип, милиционерлерди чакырган. Ошол учурда америкалык жаран эки милиция кызматкери менен мушташа кетип, погондорун жулуп салган.

АКШнын жараны Брендэн Корнелиус суракка алынганда, ал 2014-жылдын 8-мартында “Бруклин” кафесинде эс алып, мас болуп калганын айтып берген. Мындан тышкары ал 1985-жылкы экени белгилүү болгон.

Свердлов райондук соту тарабынан аталган америкалык жаран “бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү мекемесине 4 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарды.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
02.06.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озубуздун кыкен болгондо он онбеш жылга кетмек
02.06.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
zhanarbek80, айыбы жоок кыздарды камагыча ишинер жок калсанар да ушундайларды камасанар 15 20 жылага 4 жыл эмнеси !!!!!!!!!!!!
02.06.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки кулагын кармаган боюнча кетмек да 3 ай иликтебей эле.
02.06.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоктон коро жогору))).
02.06.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздикилерге долларды коргозсо мурун каякта журдун эле дейт бул боштондука чыгат 100%
02.06.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
90 кун жатса сизодо, анда 90*3=270 анда дагы бир жыл отурса чыгат ал негр
02.06.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайдан билебиз балким элге жон эле шоу кылып атышат ...америкада журсо керек чыйт тукуруп коюп эмгиче...Ал эми биздикилер доллардан уучтап кала беришти да кол булгап аэропортто.Балким Батукаевди узаткандай уатып жиберишкендир...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: