Ысык-Көлдө түрк дүйнөсүндөгү математиктердин V Бүткүл дүйнөлүк конгресси өткөрүлөт
5-7-июнда Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде түрк дүйнөсүндөгү математиктердин V Бүткүл дүйнөлүк конгресси өткөрүлөт.
Бүткүл дүйнөлүк конгресске Орусия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан, Беларусь, Латвия, АКШ, Англия, Германия, Греция, Түркия, Түркмөнстан, Чехия, Швеция жана башка өлкөлөрдөн келген 400гө жакын чыгаан математиктер катышат.
Бул конгресстин башкы максаты - окумуштуу-математиктердин башын бириктирип, катышып жаткан өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүшүндөгү көйгөйлөрдү чечүү жана дүйнөлүк математикалык коомун интеграциялоо.
Бул тууралуу КРнын Илимдер академиясынан кабарлашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.