super.kg logo

УМККнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов сурак берүү учурунда Апрель окуясы боюнча массалык атууга катышы жок экендигин айтты

 

УМККнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов бүгүн, 14-январда 2010-жылдагы Апрель окуясына байланыштуу сотто сурак бере баштады. “Мен Бакиевдер менен сүйлөшүүлөргө барган эмесмин, экспертиза далилдегендей, УМККнын куралдарынан ок атуу болгон эмес. Мени мен бербеген буйруктар үчүн айыптап жатышат”,- деди Мурат Суталинов. Ага “Тынч демонстранттарды өлтүргөн”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айыптар тагылууда. Ал "2010-жылдын 7-апрелинде М.Суталинов өлкөдөн качкан, бирок 2011-жылы Кыргызстанга кайтып келген" деген ИИМдин билдирүүсүн четке какты. 

Эске сала кетсек, 2010-жылдын 7-апрели боюнча сот 2011-жылдын ноябрында башталган жана сот процесси өтүп жаткан Спорт Ордосунда болгон жардырууга байланыштуу токтотулган. 2012-жылы жазында М.Суталиновдун онкологиялык дарты бар экендиги аныкталып, бир катар операцияларды жасаткан. Күзүндө ал иммунотерапия курсун алып, буга байланыштуу сот процесси токтотулган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: