super.kg logo
  Спорт  

Англиялык футболчуларга окшошуп кийинип, алардын учагына отурууга аракет кылган жаран кармалды 

 
Максатына жетпей калган Саймон Бродкин тартип сакчылары менен...
Футболчулар аны таң калуу менен кабыл алышты.
Анын кылыгына жылмайган футболчулар да болду.
Футболчулар аны таң калуу менен кабыл алышты.
Саймон өткөн жылы стадиондун кийим которуучу жайы аркылуу майданга чыгып, оюнчулар менен машыгууга жетишкен.

Комедиялык багыттагы сериалдар аркылуу белгилүү болгон англиялык куудул Саймон Бродкин футбол боюнча Англия курама командасы менен Американы көздөй учууга аракет кылып, бирок тилегин ишке ашыра алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка таянсак, Саймон Англия курамасынын футболчуларына окшошуп кийинип аэропортко келген. Бардык текшерүү пункттарынан өткөн соң ал футболчулардан турган калың топко кошулуп, учакка түшүүгө аракет кылган. Команданын капитаны Стивен Жеррард өз убагында аны байкап, тартип сакчыларына маалымат берген.  

Кошумчалай кетсек, Саймон Бродкин ушул эле ыкмасын өткөн жылы “Манчестер Сити” футболдук клубунун “Эвертонго” каршы оюнунун алдында да жасаган. Боло турган оюн алдында машыгууда аны тартип сакчылары кармаган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
02.06.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атактуу "футболчу" болот го дейм))
02.06.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ойлогон оюн кара,кулкулуу,
02.06.2014. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жигит болсон шок бол.шок болбосон жок бол дегендей эле экен...молодец.
03.06.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шовинист...хаха
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: