super.kg logo

"Кыргызфильмдин" мурдагы директору "кызматынан пайдаланып, 20 миң долларды өз эсебине өткөрдү" деп шектелүүдө

 
"Кыргызфильмдин" мурдагы директору "кызматынан пайдаланып, 20 миң долларды өз эсебине өткөрдү" деп шектелүүдө. Бул тууралуу 2-июнда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. 
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын мурдагы директору К.Т. аттуу жарандын акча каражаттарын өз эсебине мыйзамсыз өткөрүп алгандыгы жөнүндө фактылар пайда болгон. 
Киностудияда бюджеттин эсебинен 300 миң сомго "Жымжырт" кыска метраждуу тасмасынын тартылганы маалым болгон. Эл аралык фестивалга көрсөтүлгөн тасмага 20 миң доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык берилген. Бирок К.Т. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аталган акчаны өздүк эсебине өткөрүп алган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: