super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Алай: Тамак-аштын кымбаттап жатканына карабай жолду буугандар "бийликтегилер келбесе, башка чара көрөбүз" дешүүдө

 
27-май. Алайдагы митинг.
27-май. Алайдагы митинг.
Алайдагы жолду бууп тургандар бийликтегилер сүйлөшүү үчүн келишпесе, башка чара көрүшөрүн айтышууда. Аны менен катар тамак-ашка болгон баа кымбаттап жатат. Тосулган жерде Оштон келе жаткан 10го чукул жүк ташуучу унаа турса, буулган жолдун ары жагында Чоң-Алайдан келген 20га чукул унаа турат. 

Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турган Ахматбек Келдибековдун тарапташтары талаптарын өзгөртүп, депутатты үй камагына чыгарууну эмес, аны толук бойдон абактан бошотууну талап кылышууда.

Жол буулгандан бери жүк ташуулар төмөндөп, баалар жогорулоодо. Ошондой эле жол тосуунун кесепетинен салык чогултуу азайган. “Кара-Суу”, “Баткен”, “Халмион” базарларындагы ишкерлерден, жергиликтүү тургундардан жолду ачып берүү боюнча арыздар түшүүдө. Сырттан ташылып келген товарлардын баалары кымбаттай баштаганы байкалууда. 

30-майда ички иштер министри Абдулда Суранчиев “Ата Журт” фракциясынын жыйынында "жол тосуудан келтирилген чыгым 12-20 миллион сомго чейин жетти" деп билдирген.

Бүгүн жол тоскондор боюнча 3 кылмыш иши козголгону жана алардын “өзүм билемдик”, “зөөкүрлүк” жана “бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча ачылганы маалым болду. 

Эске салсак, 27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшуп, Сопу-Коргон айылында Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп алышкан.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.06.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уяты жок кишилер экен. бир киши учун канча киши азап чегип атат. качан энелердин этегине жашынганды коет биздин политиктер
02.06.2014. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят уят Алайлык туугандар,Келдибековго анча не жан тарттынар,Келдибеков силерге эч нерсе кылбайт жана кыла албайт.Келдибеков спикер болуп турганда эмне жарытылуу иш кылды эле,эч нерсе кыла алган эмес,мамлекеттке миллиондогон зыян келтирген.
02.06.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tentek1, elde kun00 jok. Baaryna senin Almazyn menen аида ejen kun00luu
02.06.2014. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Митингге чыккандардын бардыгын жоопко тартыш керек!
02.06.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
afrodita tentek silerge syroo batykaev jonyndo tywyndyryp beriw4i biyliktegiler an4a ne jan tartyp aeroportko 4ein yzatyp y4yryp iyiwti. ywyga joop tapsan owondo kim tyra emes ekenin bilesiner. tak 4to owon4o kirgizdin kanyn i4ken bir da kirgizga byl zakon iwtebegen bir 4e4enge iwtep keti go. alai elin jaman korbogylo a4iwkanynan 4ygyp atat.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: