Ысык-Көлдө коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууда кеңеш берүү боюнча семинар өтөт
КРнын Экономика министрлиги тарабынан июнь айынын ичинде Ысык-Көл
облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коррупцияга каршы
иш-чараларды ишке ашыруу боюнча кеңеш берүү багытында семинар өтөт. Бул тууралуу
бүгүн, 2-июнда министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, аталган семинарга Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын адистери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышары күтүлүүдө. Аталган иш-чара Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Экономикалык башкаруу чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо” долбоорунун алкагында өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:43
2025-09-16

20:48
2025-09-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.