super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште депутаттар шахмат тактасында күч сынашууда

 
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Аппарат менен Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда шахмат оюну боюнча таймаш башталды. Мелдешти Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков ачып, шахматты өнүктүрүү багытында депутат Дастан Бекешевдин демилгеси менен 2012-жылдын 14-мартында Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасында шахматты жайылтуу жана өнүктүрүү жөнүндө» токтом кабыл алгандыгын эске салып, ошол  эле учурда КРнын Өкмөтү тарабынан да 2012-2014-жылдарга чейин шахматы өнүктүрүүгө арналган тиешелүү программа кабыл алынгандыгын кошумчалады. Демилгечи депутат Дастан Бекешев шахматтык мелдешти өткөрүүнү колдогон кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, бул оюндун жаштарды тарбиялоодогу өзгөчө ордун белгиледи. Учурда ЖКнын Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлери болуп, 60ка жакын катышуучу шахмат тактасында күч сынашууда. Оюндардын жүрүшүнө Кыргызстандын Шахмат федерациясынан келген өкүлдөр калыстык кылышууда. Акыл таймаш 3-ноябрда жыйынтыкталат.                                                                                                 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: