Таласта Балдарды коргоо күнүнө карата бир катар ишканалар майрамдык иш-чараларды уюштурушту
Балдарды коргоо күнүнө карата Талас районунун Көк-Ой
айылындагы Маданият үйүндө райондон чакырылган 300 балага концерттик
программа тартууланып, белектер берилди. Бул тууралуу 2-июнда
Талас районунун администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, райондон чакырылган 300 балага аймактагы чакан насыя берүүчү компаниялар, Көк-Ой айыл өкмөтү, Талас райондук мамлекеттик администрациясы балмуздак жана башка белектерди тапшырышты.
Ошондой эле Талас облустук драма театры тарабынан “Алтын куш” жомогу сахналаштырылып коюлду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.