Ошто айыл чарбадагы түшүмдүн баасы боюнча семинар өткөрүлдү
Ош облусунда 26-майдан баштап 30-майга чейин “Азык-түлүк
коопсуздугу үчүн айыл чарбадагы түшүмдүн баасы боюнча” аталышындагы семинар болуп
өттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда КРнын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө айыл чарбадагы азык-түлүк коопсуздугу жана Кыргызстандагы тамак-аш, азык-түлүктөрүнүн баасы жана башка темалар жөнүндөгү эмгектердин бет ачары болду. Андан тышкары биологиялык урукту тандоо, алардын минералдык жер семирткичтерге таасир этүүсү боюнча маселе каралды.
Ошондой эле семинарда малдын, жайлоолордун баасынын жогорулашы жөнүндө маселе көтөрүлдү. Семинардын жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.