super.kg logo

Брэд Питти бетке чапкан журналист жылдыздарды өз коопсуздугун сактоого чакырды

 

Украинанын чуулгандуу журналисти Виталий Седюк 28-майда Голливудда “Малефисента” фильминин бет ачарында тосмодон өтүп, элге автограф берип жаткан Брэд Питтин жанына барып, аны бетке соккон. Мындан соң кароолчулар аны кармап жерге кулатып, көп өтпөй полиция бөлүмүнө алып кетишкен. Ал 2 күн абакта отуруп, сот аны 3 жылга эркинен ажыратуу жана психиатрдын текшерүүсүнөн өтүү чечимин чыгарган эле. Бирок Седюк акыл-эси жайында экенин айтып, мындай кадамга актёрду фанаттарынан коргоо үчүн баргандыгын айтып, бардык жылдыздарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Жылдыздар эл менен жолугушуу учурларында өз коопсуздуктарын сактай беришпейт. Ушул нерсеге көңүл бурдуруу үчүн мен ушундай кадамга барууга аргасыз болдум. Мага капа болбогула. Тескерисинче, мага ыраазычылык билдирсеңер болот. Анткени мен өз коопсуздугуңарды сактоого жол ачып бердим десем болот. Фанаттарыңар менен жолугушпагыла деп айтпайм, жолугушкула, бирок сак болгула",- дейт Виталий Седюк өз кайрылуусунда. 

Соттун акыркы чечиминен кийин Виталий Седюк жакында сүйүктүү жумушуна кайтып келет. Бирок эми ал жылдыздар катышкан иш-чараларга катыша албайт. 

Белгилей кетсек, бул Виталий Седюктун биринчи жосунсуз жоругу эмес. Ал буга чейин Брэдли Куперге, Уилл Смитке жана Леонардо Ди Каприого "чабуул" жасаган. Ошондой эле ал ырчы Аделдин ордуна “Грэмми” сыйлыгын алууга аракет кылган. Мындан тышкары Канн кинофестивалында актриса Америка Ферреранын көйнөгүнүн этегине кире калып, бутунан кармаганга үлгүргөн. 






Бред Питти жаакка чапкан журналист жылдыздарды өз коопсуздугун сактоого чакырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
03.06.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек экенго
03.06.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай
03.06.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыл эси жайында деген психиаторлордун акыл эси жайында эмесго дейм.
03.06.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ гоо!
Модератор admin_portal түзөттү 03.06.2014 13:03
03.06.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aipri - оозеки эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
03.06.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sarabanda - 3 күнгө БАН!
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактап, кадыр-баркына шек келтирүүгө жол берилбейт!
03.06.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чын эле келесоо, же калп эле келесоо болуп озун пиар кылат. Уилл Смитти дагы оозунан обом дегенде, тиги бетине чапкан. Ууужас.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: