Баткен облусунун губернаторунун мурунку орун басары алдамчылыкка шектелүүдө
Баткен облусунун губернаторунун мурунку орун басары алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда билдирди.
Маалым болгондой, губернатордун К.Ж. аттуу мурунку орун басары, А.С. аттуу жаранга Кадамжай районундагы Сары-Өтөк кварц куму чыгуучу аймакты иликтөөгө алууга лицензияны 11 миң АКШ долларына даярдап берүүгө убада кылган.
Кийин К.Ж. жасалма лицензия берип, убадалашкан акчаны алып алган. Аталган факт боюнча учурда Башкы прокуратура тарабынан “алдамчылык” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.