super.kg logo

Ош казыяты ырым-жырымдар, ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

 
Ош шаарында кечээ, 2-июнда шаардын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери жана жергиликтүү депутаттар Амир-Темир кичи районунда ырым-жырымдар боюнча аталган аймактын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аймактын тургундарына той-топурдагы ысырапкерчилик, каза тапканды жерге берүүдө колдонулган ашыкча чыгымдар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Амир-Темир кичи районунда өзбек улутундагы жарандар отурукташкандыгына байланыштуу алардын ичинде күйөө баланы 40 күн багуу (мазар), балалуу болсо кыз тараптан күйөө балага жана небересине ашыкча чыгым сарптоо, маркумду жакындарынын жууганы, кыз ала качуу, кырктык, кыз баланы жаш турмушка берүү, тазалык маселеси, өзгөчө үй-бүлө маселесинде түшүнбөстүк, мунун натыйжасында талак маселеси, аялдын укугу жана бир топ көйгөйлөр боюнча үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.06.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура! кылат мындай иш чараны былтыры биз да откоргонбуз быйыл да откоробуз буюрса казыяттын жардамы менен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: