Кыргызстан экинчи ирет Нью-Жерсидеги “Эл аралык мурас” фестивалына катышты (фоторепортаж)
Кыргызстан Американын Нью-Жерси штатында май айынын аягында өткөн “Эл аралык мурас” фестивалына катышты. Бул тууралуу 2-июнда “Kyrgyz Club” Эл аралык бирикмесинин расмий сайты жарыялады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: “Kyrgyz Club” Эл аралык бирикмеси
Бул фестивалга аталган бирикменин демилгеси менен Кыргызстан экинчи жолу катышып жатат.
Белгилүү болгондой, башка өлкөлөрдүн маданияты менен таанышуу үчүн 5 миңден ашуун көрүүчү келген. 45 мамлекет маданий мурастарын тартуу кылынган иш-чаранын негизги максаты - америкалыктарды дүйнө элинин маданияты менен тааныштыруу.
Фестивалдын жүрүшүндө көрүүчүлөр кыргыздын маданияты, Кыргызстандын жаратылышы тууралуу маалымат алып, кийизден жасалган буюмдардын көргөзмөсүн көрө алышкан. “Kyrgyz Club” бирикмеси Кыргызстандын маданиятын 4-июнь күнү Массачусетс штатында, 10-июнда Нью-Йоркто тааныштырууну улантат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















