Өмүрбек Текебаев: "Тажибаев деген бирөө "мөңгүлөрдү ордунан жылдырбасак, "Кумтөрдө" иш токтойт деп бизди элге душман көрсөтүүдө"
Парламенттеги "Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Кумтөрдүн" ишин токтоткондорду жоопко тартууга жол ача турган мыйзамга "Центерра" кескин каршы экенин айтты. Депутат "Кумтөр" бүт Кыргызстанды шантаж кылып жатканын айтып, буга Тоо-кенчилер профсоюзун жетектеген Эльдар Тажибаев да каршы чыгып жатканын кошумчалайт.
"Мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда Тажибаев деген адам студенттерди митингге алып чыкты. Ал жакында алтын казуу үчүн мөңгүлөрдү ордунан жылдырууга биз уруксат бербесек, "Кумтөр" өз ишин токтото тургандыгы тууралуу билдирүү жасады. Мөңгүлөрдү ордунан жылдыруу - алардын жок болушу. Тажибаевге окшогон "Кумтөрдүн" куурчактары бизди, саясатчыларды элдин душманы кылып жатат",- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

