Бишкекте 21 жаштагы эки жаран “кафенин эшигин талкалап, уурулукка барышкан” деп шектелишүүдө
Бишкекте 21 жаштагы эки жаран “кафенин эшигин талкалап, уурулукка барышкан” деп шектелишүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда билдирди.
Белгилүү болгондой, Бишкектеги кафелердин бирине белгисиз адамдар эшигин талкалап уурулукка киришкен. Кийин ал жактагы акча жана спирт ичимдиктерин көтөрүп кетишкен. Бул тууралуу милиция кызматкерлерине маалымдалып, алар тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Пётр жана Галибек аттуу жарандар кармалган.
Учурда иликтөө иштери уланууда. Аталган жарандардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилип жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.