Улуу манасчы Жусуп Мамайдын керээзи аткарылып, сөөгү атасы жаткан Күркүрөө бейитине коюлду








2-июнда Ак-Чий аймактык эл аянтында залкар манасчы Жусуп Мамайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев, КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, жазуучу Кеңеш Жусупов, манас таануучу Топчубек Тургуналиев сыяктуу коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Чаршеналы Абдыкерим уулу
Ошондой эле Кызыл-Суу автономдуу райондук эл курултайынын орун басар мүдүрү Өрүгүл Жапар, мурдагы автономдуу райондук саясий кеңештин орун басар төрагасы Мамбетасан Токталы, филология илимдеринин доктору, манас таануучу Адил Жуматурду, Макелек Өмүрбай, Мамбеттурду Мамбетакун өңдүү илим ишмерлери катышты.
Жалпысынан Бээжин, Үрүмчү, Кызыл-Суунун аймактарынан 30га чукул илимпоз, ишмер, акын-жазуучулар, 6000ге жакын ак калпак кыргыз калкы катышты.
Аза күтүү иш-чарасын облус башчысы Парат Турду башкарды. Райондук адабият, көркөм-өнөр бирикмесинин жетекчилери манасчынын өмүрү тууралуу сөз сүйлөштү.
Данияр Нарымбаев КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин залкар манасчы Жусуп Мамайдын казасына арнаган атайын аза сөзүн окуду. Жогорку Кеңештин депутаты, ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, тубаса чечен, тили менен эл көңүлүн толкутуп сүйлөгөн Жусуп Мамай залкар манасчылардын төрөсү экенин айтып, анын артында дүйнө жүзүндөгү 6 миллион кыргыз урпагы калды деп баа берди.
Манасчынын жаназасы окулуп, 300гө чукул унаанын коштоосундагы улуу топ улуу инсандын сөөгүн жерге берүү үчүн жөнөп кетти. Улуу инсандын сөөгү 86 чакырым алыстагы Кара-Булак айылына караштуу Күркүрөө бейитине коюлду. Күркүрөө бейитине кезинде залкар манасчынын атасы Мамайдын сөөгү коюлган. Манасчы Жусуп Мамай көзү тирүү кезинде сөөгүн Күркүрөө бейитине коюуга жазма керээз калтырганына байланыштуу улуу инсандын тилеги орундалды.
Бул тууралуу SUPER.KG порталынын kasaba деген ник менен катталган активдүү колдонуучусу Чаршеналы Абдыкерим уулу билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(6)
aikol87

03.06.2014. 15:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жаткан жери жайлуу болсун. Аппак болуп калпак кийип алышканы сонун болуптур. Бизде болгондо чачтарын саксайтып жыланбаш барышмак.
nursyi

03.06.2014. 16:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ак калпак бизге караганда, Кытайда барктуубу дейм да.
sibiryak

03.06.2014. 17:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nursyi, Мен дагы ошол нерсени байкадым.
maks100589

03.06.2014. 16:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
"Жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди Кыргыз деп бил" деген кеп бекеринен айтылбаса керек да. Жусуп атабыздын жаткан жери жайлуу болсун.
kasaba

03.06.2014. 23:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыракмат , толук болбой калган Маалыматты Жөнөтүп берүүгө Аракет Жасайым .
Likvidator

04.06.2014. 11:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун!Чыныгы Кыргыздар Кызыл-Сууда окшойт деп ойлоп калдым.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.