“Евгений Ваккердин мекенчил экенин билип, казактар акыры сунуш киргизүүнү токтотушту” дейт машыктыруучусу
Бүгүн, 3-июнда болуп өткөн маалымат жыйынында Евгений Ваккердин машыктыруучусу Эркен Акрамов өзүнүн шакиртине ыраазы экенин билдирди.
Болуп өткөн Азия биринчилиги тууралуу да ой бөлүшүп, бул жетишкендик машыгуу сборунун натыйжасы экенин айтуу менен шакиртине ыраазы экенин билдирди. "Акыркы 20 жылда Евгений өзүнүн жашына карабай Кыргызстандын намысын коргоп келди. Бул убакыт аралыгында көп ийгиликтерге жетишти. Казакстандыктар башта аны өзүлөрүнүн курамына кошууну каалашкан. Бирок алар Евгенийдин мекенчил экенин билип, акыры сунуш киргизүүнү токтотушту",- деди ал.
Андан тышкары ал Е.Ваккердин 2 жылдан кийин Рио-де-Жанейродо боло турган Олимпиада оюндарына катышуу тилеги бар экенин жана азырынча карьерасын жыйынтыктоо үчүн ойлоно электигин кошумчалап өттү. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
kg1982

03.06.2014. 17:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат!ушундай иш билги патриоттор кобойсо экен,жон эле тууганына болушуп жол тосуп тошун каккан "патриот"сооройлордон коро.
sibiryak

03.06.2014. 17:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, Евгений!Кыргыздын желегин желбирете бер
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.