super.kg logo

“Жарандардан күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алып жүргөн” деген шек менен 2 жаран кармалды

 

“Жарандардан күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алып жүргөн” деген шек менен 2 жаран кармалды. Мындай маалымат Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы тарабынан бүгүн, 3-июнда билдирилди.

Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Арген аттуу тургунунун уюлдук телефонун Фрунзе-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуп тартып алышкан. Бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Сапар аттуу жаран кармалган. Иликтөөдө кармалган жарандын ушул сыяктуу үч кылмышка тиешеси бар экендиги ачыкталган.

Ошондой эле Далер аттуу жарандын уюлдук телефонун Толстой көчөсүнөн белгисиз адам күч колдонуп тартып алган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү катары 1996-жылы туулган Үмүт аттуу жаран кармалып, анын да башка 2 кылмышка тиешеси бар экендиги маалым болгон. Учурда жогорудагы кылмыш иштери боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: