Уурулукка шектелип мурда 10 жолу соттолгон Токмоктун жашоочусу кармалды
Уурулукка шектелип мурда 10 жолу соттолгон Токмоктун жашоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда маалымдады.
Белгилүү болгондой, Ысык-Ата райондук ИИБине Кант шаарында жайгашкан дүкөнгө таңкы алтыда белгисиз адамдар мыйзамсыз кирип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган аймакка атайын топ барып, дүкөндүн эшиги талкаланып турганын байкашкан.
Аймакты издөөгө алып баштаганда, белгисиз адам качып жөнөгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан качкан адам курал колдонуусуз колго түшүрүлүп, ал мурда 10 ирет соттолгон Ч.А. аттуу Токмок шаарынын жашоочусу экени аныкталган. Кармалган адамдын жанынан 2 бычак табылганы белгилүү болду. Иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.