Алтайда суу ташкынынан 6 адам каза тапты (фоторепортаж)




























Орусиянын Алтай аймагы бир жумадан бери суу ташкыны менен алышып келет. Акыркы маалыматтарга таянсак, бул кырсыктын кесепетинен 6 адам каза тапты. Дайынсыз жоголгондор да бар. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Автор: Дамира Арстанова
Фото: Интернеттен алынды
Маалыматка ылайык, тынбай жааган жамгырдан улам Бия, Катунь, Ануй, Чарыш, Майма дарыяларындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, бир сутка ичинде 4 миңге жакын үй суу астында калган. Мындан сырткары 61 көпүрөнү алып кеткен. Эгер жамгыр токтобосо, анда Красноярск аймагын жана Кемеров облусун суу каптоо коркунучу туулууда.
Учурда Орусиянын Борбордук аскердик округунан кошумча күчтөр, 150 аскер кызматкери жана 20 аскердик техника жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Канча убакыт иштеп тапканы бир кун келип баарын агызып кетсе эн окунучтуу. Баарыбыз Аман бололу, Тынч бололу.