super.kg logo

Ош шаарында биометрикалык маалымат топтоо боюнча штаб түзүлдү

 

Ош шаарынын мэриясы жергиликтүү калктын биометрикалык маалыматтарын чогултууга байланышкан иш-аракеттерди көрө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын 23-майындагы №250-б буйругу менен Ош шаарынын калкынын биометрикалык маалыматтарын чогултууга байланышкан иш-чараларды координациялоо жана ишке ашыруу боюнча курамы 49 кишиден турган шаардык штаб түзүлгөн жана аны Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектейт.

Шаардык штабдын 30-майдагы жыйынында жергиликтүү калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча өкмөттүн тездетилген иш-чаралар планынын жана республикалык штабдын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Ош шаардык паспорт-визалык жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн башчысы Р.Алиевдин маалыматы угулуп, талкуулардын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алды. 

Ал эми 1-июлга чейинки мөөнөттө Ош шаарынын аймагында жайгашкан калктуу конуштардын көчөлөрүн тактоо жана аталыштарын ыйгаруу боюнча иштер уюштурулат. 

Айта кетсек, штабдын жыйыны ар он күндө өткөрүлүп турмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.06.2014. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми ошто журосунго тан калыштуу или 2 айсана паизова барбы или двойниги барбы кызык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: