Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы 11 мамлекеттин Чек ара жетекчилеринин кеңешинин отурумуна катышат
Эртең, 4-июнда КРнын Чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Чек ара башчыларынын кеңешинин 71-отурумуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11 мамлекет катышкан иш-чара Орусиянын Сочи шаарында өтөт. Аталган отурумда Борбор Азиянын аймагындагы КМШга кирген өлкөлөрдүн мамлекеттик чек араларындагы абал талкууга алынып, аны турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Мындан тышкары Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө даярдыгы тууралуу сөз болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:43
2025-09-16

20:48
2025-09-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.