super.kg logo

Бүгүн "Ош шаары  шериктештиктин маданий борбору" салтанаты башталат

 

Бүгүн, 4-июнда "Ош шаары  шериктештиктин маданий борбору" аталышындагы салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн түштүк борборунун мэриясынан билдиришти.

Иш-чарага КМШнын 10 мамлекетинен атайын коноктордун келүүсү күтүлүүдө. Анда шаар бийлигинин жана сыйлуу коноктордун катышуусунда салтанаттын ачылышы өтөт. Иш-чаранын алкагында "Менин сүйүктүү шаарым" аталышындагы бөбөктөрдүн сүрөт сынагы, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулат. Мындан тышкары "Алымбек датка" этнографиялык комплексинде чебер-уздардын эмгектери коюлат. Ошондой эле улуттук оюндар өткөрүлмөкчү. Ошону менен катар 300дөн ашуун чыгармачыл адамдар катышат. Иш-чаранын кечки бөлүгү борбордук стадиондо уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: