super.kg logo

«Баткен-2014» Эл аралык форумуна активдүү катышкандыгы үчүн Баткен мамлекеттик университетинин проректору өкүлчүлүктүн ыраазычылык каты менен сыйланды

 

Баткен мамлекеттик университетинин окутуучулар жамааты жана студенттери менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга өкүлдүн орун басары Сейит Абдырахманов жана Баткен мамлекеттик университетинин проректору Максат Мергенов катышты. Жеңиш Разаков проректор Максат Мергеновго, профессордук-окутуучулук жамаатына жана студенттерине коомдук иштерге жана өкүлдүн демилгеси менен өткөн «Баткен-2014» Эл аралык форумуна активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык кат ыйгарды. 

Ошондой эле айыл чарба илимдеринин кандидаты Равшан Жанботаев облустун социалдык жана маданият тармагына кошкон салымы, форумга активдүү катышкандыгы үчүн өкүлдүн Ардак грамотасы менен сыйланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: