Алайда жол тоскондор сабаган милиция кызматкери ооруканага жаткырылды
Алайда жол тосуп тургандар тарабынан токмоктолгон Алай райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Алмазбек Маматов Ош облустук ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда бизге Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Айтымында, милиция кызматкерлерин сабагандарга кылмыш иши козголду.“Алмазбек Маматов 3-июнда жол бууп турган
элге келип, буга чейин кылмыш иши ачылган
фактылар боюнча материалдарды жыйнаганы жатканда алар милициянын башчысын жана
тартип кызматкерлерин кубалап жиберишти. Жалпы 4 милиция кызматкерин сабашты. Алардын үчөөсү жеңил жараат алгандыктан, ооруканага жаткырылган жок”,- деди Ашырбаев.
Эскерте
кетсек, 27-майдан бери Ахматбек Келдибековдун тарапкерлери аны боштондукка
чыгарууну талап кылып, Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















