Жалал-Абадда катуу мөндүрдүн жана сууктун натыйжасында 187 кой-эчки өлдү
Жалал-Абад облусунда катуу мөндүрдүн жана сууктун натыйжасында 187 кой-эчки өлдү. Майда жандыктардын эн тамга түшүрүлгөн кулактары ээлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, окуя 31-май күнү катталган. Ала-Бука районунун Көк-Серек айылдык округунун тургуну жардамчылары менен 800гө чукул кой-эчкини Көк-Алма ашуусу аркылуу айдап өтмөк. Тилекке каршы, жүндөрү кыркылганына аз гана убакыт болгон жандыктар сууктан өлүп калган. ӨКМнын маалыматына ылайык, табигый кырсык алып келген материалдык чыгымдын суммасы 950 миң сомду түздү. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.