super.kg logo

"Кудайберген" базарында салык төлөгүсү келбеген сатуучулар жаңжал чыгарып, мушташканы тууралуу маалымат тарады

 

"Кудайберген" базарында салык төлөгүсү келбеген сатуучулар жаңжал чыгарып, мушташканы тууралуу маалымат тарады. Бишкектеги “Кудайберген” базарынын ээси Эльвира Сурабалдиева бүгүн, 4-июнда интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына: "Эки айдан бери карызын төлөбөгөндөрдүн контейнерлерин жапканбыз. Бүгүн эртең менен салык төлөгүсү келбеген жүздөй сатуучу буга нааразылык билдирип, 20 чакты кызматкериме каршы чыгышты",- деп жазып чыкты. Ал нааразы тарап бир кызматкерин сабап салганын да кошумчалаган. 

Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бул маалыматты четке кагып, "Кудайберген" базарында мушташ чыккан жок" деп билдирди.

Маалыматтарга караганда, ижара акысын эки айдан бери төлөбөй жаткан соодагерлердин контейнерлери базардын администрациясы тарабынан жабылган. "Буга нааразы болгон соодагерлер менен администрациянын ортосунда келишпестиктер чыккан, бирок мушташ болгон эмес. Кийин милиция жана базардын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү чогулгандарды тараткан, азыр кырдаал тынч" деп билдирди Бишкек ШИИББи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: