super.kg logo
  Саясат  

Жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын мурдагы тизмесин узартуу сунушталды

 

Жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын мурдагы тизмесин узартуу сунушталууда. Бул маселе бүгүн, 14-январда  ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында каралды. Өкмөт тарабынан демилгеленген "КРнын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө" өкмөттүн токтом долбоорун КРнын Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады. Анын айтымында, жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын тизмесин мурда ЖК тарабынан бекитилип келген. Бирок 2012-жылы тиешелүү мыйзам актылары жокко чыгарылып, тизмени аныктоо өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп, Жогорку Кеңештин макулдугу менен бекитилери белгиленген. КРнын Өкмөтүнүн түзүмү эки ирет алмашкандыгына байланыштуу тизме аныкталып чыккан эмес. Талкууда депутаттар бийик тоолуу айылдардын деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктигин тактоо критерийи менен аталган тизме Геология жана жаратылыш ресурстары агенттигинин Картография жана геодезия мекемеси тарабынан аныкталарын тактоого алышты. Соңунда жаңы тизме сунушталганга чейин КРнын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын мурдагы тизмесин жактыруу чечими кабыл алынды. 

1. Мухаммедкалый Абылгазиев






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: