super.kg logo

Чоң-Алай районунун аймагында азык-түлүк товарлары, күйүүчү майлар түгөнүү үстүндө турат

 

Алай районунун Сопу-Коргон айылында эл аралык Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там, Ош - Сары-Таш - Кара-Мык унаа жолунун Ахматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан 27-майдан бүгүнкү күнгө чейин тосулуп турушу эл аралык каттамга жана Чоң-Алай районунун жашоочуларына олуттуу көйгөйлөрдү жаратты. Бул тууралуу 4-июнда Чоң-Алай райондук администрациясынан Сапура Мамытова билдирди.

Анын айтымында, унаалар өтпөй калгандыгына байланыштуу азык-түлүк продукциялары, күйүүчү майлар Ош шаарынан келбей калган. Учурда азык-түлүк, күйүүчү майлардын райондун аймагындагы запасы түгөнүү үстүндө. Катуу ооруган адамдар, зарыл иши бар атуулдар өз убагында облустун борборуна жетпей кыйынчылык тартышууда. Натыйжада жол тоскондорго күндөн-күнгө элдин нааразычылыгы курчуп, коомдук абал татаалдашууда.

Ал эми Чоң-Алай районунун жергиликтүү бийликтери, укук коргоо органдары тарабынан райондун аймагында коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоо, диний экстремизм-терроризмдин алдын алуу жана улуттар аралык мамилени чыңдоо боюнча алдын алуу жана кылмыштуу окуяларды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: