Бишкекте “Чыйыр жолдон сабак алуу” аттуу көргөзмө ачылат

5-июнда Бишкектеги Эмен багындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясында “Чыйыр жолдон сабак алуу” аттуу көргөзмөнүн ачылыш аземи болот.
Көргөзмөгө Кыргызстан жана Казакстандын архитекторлорунун жана сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлат. Экспозицияда эски архитектура фантазиясындагы жыгач, айнек, металл зымдардан жасалган эмгектер тартууланат. Муну менен катар жергиликтүү белгилүү сүрөтчү Валерий Руппелдин жаңы эмгектери жана Марат Райымкуловдун коллаж өңүттөгү фотолору коюлат. Ошондой эле Алматыдан келген сүрөтчү Александр Угайдын видео эмгеги көрсөтүлөт.
Маалымат үчүн айта кетсек, көргөзмө 15-июнга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.