Нарын шаарында туризм жана экономикалык өнүгүүгө арналган инвестициялык форум өтөт
Нарын шаарында 5-6-июнь күндөрү “Нарын-Жибек Жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн” деген аталышта инвестициялык
форум өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү өкүлчүлүктөн
билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жыйынтыгында “Нарын” ЭЭАнын өкүлчүлүгүн Кашкар шаарына ачуу боюнча макулдашууга кол коюлат. Форумдун алкагында туризм тармагы менен облустун экономикалык өнүгүүсү, региондор аралык инвестициялык кызыкчылыктарды арттыруу, агрардык секторду өнүктүрүү маселелери талкууга коюлмакчы.
Форумга чет өлкөлүк соода компаниясынан, жеке ишкерлер, кайра иштетүү ишканаларынан, туристтик агенттиктерден, Тышкы иштер министрлигинен, ЖК депутаттарынан өкүлдөр чакырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.