Американын Бостон шаарындагы жардыруу боюнча айыпталган кыргызстандык күнөөсүн моюнуна алган жок
“АКШнын Бостон шаарында өткөн марафон учурунда террордук чабуулга тиешеси бар” деп айыпталган кыргызстандык 23 жаштагы Хайрулложон Матанов соттук отурумда күнөөсүн моюнуна алган жок. Бул тууралуу АКШнын Массачусетс штатынын прокуратурасына шилтеме берип орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Х.Матанов соттук отурумдун жүрүшүндө күрөө (залог) менен бошотууну өтүнгөн жок. Муну ал "АКШда менин туугандарым жок, ал эми камакка алынгандан кийин жумушумдан бошотулгам. Күрөө берүүгө менин акча каражатым жок" деп түшүндүрдү. Кийинки соттук отурум 15-июлга белгиленди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда туулган Хайрулложон Матановго “АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга тиешеси бар” деген айып тагылган. КРнын Тышкы иштер министрлиги АКШда Матановго качкын статусу берилгенин билдирген.
Эскерте кетсек, "2013-жылдын 15-апрелинде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган" деп шектелип Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
ACAH_AKA

05.06.2014. 09:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт
4alma77

05.06.2014. 10:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ACAH_AKA, Кандай теректи айтып жатасын?терек жок эле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.