super.kg logo

Нарын облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан өлгөн койлордун саны 344кө жетти

 

Нарын облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан өлгөн койлордун саны 344кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа районунда 2-3-июнь күндөрү кар аралаш нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баетов, Терек айыл аймактарынын Орто-Сырт, Кара-Суу жайлоолорунда 3 баш жылкы, 1 баш уй, 236 баш кой-козу өлгөн. Мындан сырткары Ак-Чий айыл аймагынын Орто-Жайлоо жана Майыстан жайлоолорунда 108 баш кой-козу өлгөн. Райондук ветеринардык кызматынын маалыматы боюнча, өлгөн кой, козулардын көпчүлүгүнүн жүндөрү кыркылган. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан өлгөн малдын тарпын көмүү иштери аткарылууда. Мындан сырткары Коңорчок, Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Үгүт айыл аймактары боюнча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.06.2014. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге койлорду эрте кыркышкан? Мурда, кыркын деп койчу, июль-август айларында жайлоодон атайын айдап келип, 1 айга жакын убакыт кыркын болчу го.
05.06.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий, жаман болуптур даа.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: