super.kg logo

Баткен облусунун башчысы Жеңиш Разаков кадамжайлыктар менен жолугушат

 

Бүгүн, 5-июнда Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сырт айылынын эли менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жолугушуу өткөрөт.

Жолугушууда негизги көйгөйлүү маселелер, анын ичинде Сырт айылындагы суу маселеси, 3 миллион сом акча каражаты керектелүүчү Гороту каналын оңдоо, Ууру-Сай суусун чыгаруу үчүн Айыл өкмөтү тарабынан 13 миллион сомдон ашык каражат сарпталуучу долбоор каралат. Баткен районунун Сай айылына караштуу жайыт жерлерин Бирлик айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү маселеси жана жаңы курулуп жаткан 375 орундуу, 37миллион сомдон ашык каражатка бүтө турган Сырт орто мектебинин курулуш иштерине акча каражатын бөлүштүрүүнү тездетүү маселелери каралат. Ошондой эле Баткен районунун Сай айылына жана Бирлик айыл өкмөтүнө Гороту каналы аркылуу келүүчү сууну туура бөлүштүрүү маселеси талкууланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
10.06.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туурале болунот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: