Баткенде муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинар өттү
4-июнда Баткен районунун Бужум айылында муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик-укуктук актыларынын аткарылышы жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинар болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Семинардын негизги максаты муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу болуп эсептелет. Ал Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен уюштурулуп, ага район аймагындагы айыл өкмөттүн жооптуу катчылары жана өкүлчүлүктөн, райондук администрациянын башчысы Сейитмурат Калыков жана башка кызматкерлер катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.