Талас облустук ооруканасында кызматкерлеринин иш-аракетин көзөмөлдөө максатында 16 видеокамера орнотулду
Талас облустук биргелешкен ооруканасында медицина кызматкерлеринин иш-аракетин
көзөмөлдөө жана коррупциялык иштердин алдын алуу максатында ар бир бөлүмгө оорукананын
өздүк бюджетинин эсебинен 16 видеокамера орнотулду. Бул тууралуу бүгүн,
5-июнда жергиликтүү өкүлчүлүктөн билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, аталган оорукананын ичине 16 камера орнотулуп, ага 76 миң сом сарпталган. Учурда видеокөзөмөл ооруканадагы эң зарыл болгон бөлүмдөргө гана орнотулду, жакынкы арада дагы 16 видеокамера алынып, башка бөлүмдөргө да орнотулмакчы.
Орнотулган видеокамералар ооруканадагы коррупциялык иш-аракеттердин алдын алуу, медицина кызматкерлеринин оорулууларды кабыл алууда жасаган мамилелерин көзөмөлдөө максатында коюлган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.