super.kg logo

Жалал-Абадда таштандыны таштоого мүмкүн болбогон жайга таштап жаткан жарандарга акт түзүлүүдө

 

Жалал-Абад шаарынын тазалыгы үчүн Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобаза кайрадан кечки рейддерди баштады. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2 жашоочу туура эмес жайга таштандыны таштап жаткан жеринен кармалып, акт түзүлдү.

4-июнда атайын комиссия түзүп, кечкисин рейд жүргүздүк. Анда Барпы-Сейил көчөсүндө жашаган 2 тургун таштанды таштоого мүмкүн болбогон жайга таштап жатканда кармалып, акт түзүлдү”,- дейт Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобазанын жетекчиси Төлөнбек Бакиров.

Айта кетсек, аталган рейд саат 19:00дөн 23:00гө чейин улантылат. Ошондой эле ушул күнгө чейин шаар тургундарына эскертүүлөр берилип, айына 2 күн кечкисин рейд уюштурулуп келүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: