Акыркы эки жылдан бери дүйнө жүзү боюнча ажылык сапарга баруучулардын саны 20 пайызга азайган
Акыркы эки жылдан бери ажылык сапарга баруучу
зыяратчылардын саны 20 пайызга кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына ажылык бөлүмүнүн башкы адиси Марат ажы Усупов билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
"Акыркы эки жылдан бери кыргызстандык зыяратчылардын гана эмес, дүйнө жүзүнөн келген зыяратчылардын баарынын саны 20 пайызга азайтылган. Бул Мекке шаарындагы “Харам” мечитиндеги оңдоо иштерине байланыштуу. Акыркы эки жылдан бери ал жакта мечиттин аянтын кеңейтүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө",- дейт ал.
Маалыматка ылайык, 2011-2012-жылдарга чейин Кыргызстандан 4500 зыяратчы барып келчү. Ал эми зыяратчылардын санынын азайышы кабыл алган тараптын квоталарынын саны кыскартылганына байланыштуу. Ага ылайык, акыркы эки жылдан бери ажылык сапарга 3600 адам барууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.