super.kg logo
  Спорт  

Дүйшөмбүдө элчиликтер арасында өткөн футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды

 
Дүйшөмбүдө Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Кубогу үчүн элчиликтер арасында өткөн футбол боюнча мелдеш 3-июнь күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу 5-июнда КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мелдештин максаты - жашоонун сергек мүнөзүн даңазалоо, Тажикстандагы футболду өнүктүрүүгө салым кошуу жана Дүйшөмбү шаарындагы дипломатиялык корпустардын достугун бекемдөө.

Кубок үчүн Кыргызстан, Япония, Иран, Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан, Катар, Сауд Арабия өлкөлөрүнүн элчиликтери, БУУ, Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомчулугу жана Тажикстандын ТИМинин командалары ат салышкан. Жыйынтыгында Тажикстандын курама командасы 1-орунга, Кыргызстандын элчилиги 2-орунга ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: