Аксыда балык уулап жүрүшүп сууга агып кеткен 2 жарандын бири табыла элек
Аксыда балык уулап жүрүшүп
сууга агып кеткен 2 жарандын бири табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз
кызматы бүгүн, 5-июнда билдирди.
Автор: Бекжан Рыскулов
Айта кетсек, 27-май күнү Таш-Көмүр шаарынын тургундары 1965-жылы туулган Үмөт Балтабаев жана 1952-жылы туулган Абдысатар Абдыкадыров Кара-Суу дарыясында балык уулап жүрүшүп сууга агып кетишкен. Ошол эле күнү куткаруучулар жана туугандары менен биргеликте издөө иштери жүргөн, бирок натыйжа болгон эмес. Эртеси күнү да издөө иштери жүрүп, Кара-Суу дарыясынын жээгинен 1952-жылы туулган Абдысатар Абдыкадыровдун жансыз денеси табылган. Ал эми экинчи жаран дале изделүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.