Өкмөт "губернатор" деген түшүнүктү калыбына келтирүүнү сунуштоодо
КРнын Өкмөтү губернатор институтун кайра калыбына келтирүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу мыйзам долбоорун бүгүн, 14-январда ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинде Адилет министрлигинин статс-катчысы Чынара Мамидинова тааныштырды. “Өкмөттүн облустагы өкүлү - губернатор" деп гана кошумчалоону сунуштайбыз. Анын макамы жана ыйгарым укуктары өзгөрүлбөйт",- деди сататс-катчы. Буга парламенттин Финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков нааразычылыгын билдирип: “Губернатор институтун кайтарчу болсок, анда облустук кеңешти жана облустук бюджетти калыбына келтирели. Бул мыйзам долбоор сабатсыз жазылган жана Конституцияга каршы келет”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

