super.kg logo

"Мени зордуктагандар үй камагына чыгарылып, өтө жеңил жаза менен кутулуп кетишти. Бул чечимге нааразымын" дейт Калия Арабекова

 

"Мени кыйнап унаага салып кетишип, кийин үйлөрүнө алып барып зордукташты. Ал жактан ар түрдүү кылып кыйнап жатышты. Мени зордуктагандардын бири Алыбаев агарган затты жыттап, көзүн кызартып жатты",- дейт жабырлануучу Калия Арабекова бүгүнкү маалымат жыйынында.

"Алардын баары үй камагына чыгарылып, өтө жеңил жаза менен кутулуп кетишти. Камакка алынышкан жок. Мен бул чечимге нааразымын. Кийин менин балдарыма залалы тийиши мүмкүн. Ансыз да телефонума "Көк мээ, сага ким ишенмек эле?!", "Балдарыңды ойло!" деген смс-билдирүүлөр келип жатат",- дейт Арабекова. 
Эске салсак, Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары өткөн жылдын 30-декабрында аны зордукташкан. Аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташкан. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Бирок зордуктоого шектелген сот аткаруучулар кызматтарынан бошотулушканы менен, эркиндикте жүрүшөт. Мындан улам Арабекова өлкө жетекчилигине кайрылып, аталган адамдарды сот жообуна тартууну суранып жатат.





"Мени зордуктаган үч адам боштондукта жүрөт" дейт Калия Арабекова

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(39)
05.06.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
кыргызстанда акча менен любой нерсе чечсе болооруна дагы бир дадил.россияга кошулуп алышса жакшы болмок
05.06.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Таластын сот аткаруу кызматынын башчысы мурдуна бок суйкосо деле отура береби, бошотуп салбайбы жумуштан, мекеменин абройуна шек келтирип жатасынар деп. Болбосо сот аткаруучулар зордуктаптыр деген, Кыргызстандагы болгон сот системасына удар болуп жатат го
05.06.2014. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эх Кыргызым (кээ бири) мынча акылсыз тушунугу жок томон адам болбосок. Акылга сыйбаган иш да кылганынар акмактар. Кайсыл жерге барба мамайдын гору болуп калды го.
05.06.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ужасссссссссссс
05.06.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Илгиз Карымбаев деген жигит биздин айылдан ал баладан баарын күтсө болот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: